Барыбыз билгендей учур бийлиги элдин пикирине карата иш жүргүзүп баштады. Андыктан соттук реформаны колдоо максатында ылдыйдан жүрүш баштоо иши колго алынууда. Айтсак, жарандык коом өкүлдөрү мыйзамсыз чечим чыгарган соттордун атайын реестри түзүлөрүн активист Рита Карасартова билдирип: «Биз мыйзам бузган судьялардын «кара тизмесин» түзөбүз, аларды мыйзам чегинде жазага тартуу ооюнча бардык аракеттерди көрөбүз» деди. Албетте, бул эл тарабынан колдоого алына турган демилге экени талашсыз, анткени паракор соттордон бүткүл эл жапа чегип келе жатканы жашыруун эмес. Баса, ал тизмени Биринчи Май райондук сотунун судьясы Марат Сыдыков баштары айтылууда. Бул эргул «Де-факто» гезитинин журналисти Зулпукаар Сапановду садага чаап, адилетсиз түрдө төрт жылга кесип жибергени менен элдин эсинде. Мындай нойондор адамдын тагдыры менен ойногонду токтотуш керек.
Булак: De – Факто
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ