Menu

Кувейттиктер КР Ички иштер министринин орун басары Курсан Асановдун атасы Сатар Асанов атындагы мечит куруп беришти

Бөлүшүү:

18-ноябрда КРнын ички иштер министринин орун басары, генерал-майор Курсан Асановдун демилгеси жана Кувейт мамлекетинин “Табарак” кайрымдуулук фондунун демөөрчүлүгүндө Кара-Суу районунун Шарк айыл өкмөтүнүн Ташлак айылында жана Жаңы-Арык айыл өкмөтүнүн Правда айылында эки кабаттуу заманбап үлгүдөгү мечиттер бүткөрүлүп пайдаланууга берилди. Аталган мечиттердин ачылыш аземине Кыргызстан Мусулмандарынын Азирети Муфтийи Максатбек ажы Токтомушев, Табарак кайрымдуулук фондунун Кувейт мамлекетиндеги жетекчиси Доктор Тарик жана Кыргызстандагы директору Анарбек ажы Жусупов, Жогорку Кеңештин депутаттары Абдувахап Нурбаев, Мурадыл Мадеминов, КРнын Өкмөтүнүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары Байыш Юсупов, Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын түштүк аймактык бөлүмүнүн башчысы Исакбай Мурзабеков, Ош облусунун казысынын орун басары Нурбек кары Орунбаев, Бишкек шаарынын казысы Садриддин Мажитов, Ош шаарынын казысы Убайдулла ажы Сарыбаев жана жергиликтүү тургундар катышышты. Ачылыш аземде Азирети Муфтий Максатбек ажы Токтомушев сөз сүйлөп, мечит салуунун пайдалары жана мечитти гүлдөтүүнүн сооптору туурасында маселе жасап, жалпы элди жаштарды тарбиялоодо Исламдын баалуулуктарын мечит аркылуу үйрөнүүсүнө чакырды. Аны менен катар эле Жогорку Кеңештин депутаттары жана мамлекеттик бийликтин өкүлдөрү да куттуктоолорун билдиришти.

Ал эми Табарак кайрымдуулук фондунун Кыргызстандагы директору Анарбек ажы Жусупов Табарак фонду мечит салуудан сырткары элет элинин өнүгүшү үчүн социалдык объектилерди куруу, таза суу чыгаруу, медресе жана бала-бакча куруу иштерин улантаарын билдирди. Соңунда мечиттин курулушунун демөөрчүлөрүнө облустук казыят жана айыл өкмөт тарабынан ардак барактар менен сый белектер тартууланды.

Эскерте кетсек, Жаңы-Арык айыл өкмөтүнүн Правда айылында ачылган мечитке жергиликтүү тургундардын сунушу менен генерал-майор Курсан Асановдун атасы Сатар Асановдун ысымы ыйгарылды.

kursan-asanov-mechit

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 51 − = 42

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: