Menu

Өзбекстандын саламаттыкты сактоо министри таажывирусуна чалдыккан жарандар башкаларга вирусту кантип жугузганы тууралуу айтып берди

Бөлүшүү:

Бүгүн, 6-апрелде Өзбекстандын Саламаттыкты сактоо министри Алишер Шадманов таажывирусуна чалдыккан жарандар башкаларга вирусту кантип жугузганы тууралуу айтып бергенин чет өлкөлүк ММКлар жазы чыкты.

Анын айтымы боюнча,Ташкент облусунда таажывирусун жуктуруп алган 52 жаштагы тургун 52 адамга вирус жуктурган.

“Тажывирусун жуктуруп алган жаран дене табынын көтөрүлүшүнө, жөтөлүнө, деминин кысылышына карабай 4 уюмга барган. Ал уюмдун бардыгын жабууга туура келди. Бул бейтап 52 адамга вирус жуктурган” – деп билдирди.

Башка бейтап 3 бирикмеде иштеген. Буга байланыштуу 100гө жакын адамды карантинге алууга туура келди. Ал оорунун башталышын билип туруп, көптөгөн адамдар менен байланышта болгон.

“Бул кылмыш. Ушунча адамга вирусту атайылып жуктуруу – чыккынчылык” – деп билдирди министр.

Анын айтымы боюнча, 15-мартта чет өлкөдөн келген Өзбекстандын жараны 15 адамга вирусту жуктурган. Ал эми 27-мартта Андижанда таажывирусуна чалдыккан жаран илдетти ата-энесине жуктурган. Анын атасы 36 кесиптешине вирусту жуктурган.

Ал эми анын кесиптеши вирусту өзүнүн 4 тууганына жуктурган. Мындан сырткары, оорулуу менен байланышта болгон 3 адам да илдетке чалдыккан. Ошентип, вирус 1 адамдан эле 46 кишиге жуккан.

Министр, бейтап таажывирустун белгилери байкала баштаганда, ал доктурларга кайрылган эмес.

“Ошондой эле дагы бир жаран жубайы менен Түркияга барып келгенден кийин үй-бүлөсүндөгү 8 адамга таажывирус жуккан. Учурда баары дарыланып жатат” – деди министр.

Ташкент облусундагы бейтап таажывирустун белгилери байкалса да (26-март), үйүндө болгон. Ал дарыгерлерге 30-март күнү гана кайрылган. Учурда ал өтө оор абалда. Аны жасалма дем алдыруу аппаратына кошулган.

Өзбекстандын дагы бир жараны чет өлкөдөн келип, үй-бүлөсүнөн 7 адамга вирус жуктурган. Анын айынан, аны менен байланышта болгон 123 адамды обочолонтууга туура келди.

Министрдин айтымы боюнча, таажывирусун жуктуруп алган 4 бейтап ким менен байланышта болгонун жашырышкан.

Бүгүнкү күндө Өзбекстанда 390 адамдан коронавирус аныкталды.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 1 = 2

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: