Menu

Бактыбек Райымкулов, депутат: Бабанов менен футбол ойноп таанышкам

Бөлүшүү:

– Бактыбек мырза, экс-депутат, экс-министр Замирбек Эсенамановдун жардамчысы болуп жүргөнүңүз белгилүү, кантип депутат болгонсуз?

– Замирбек Эсенамановго жардамчы болгонго чейин мен Панфилов районунда райондук суу чарба башкармалыгынын орун басары болуп иштечүмүн. Замирбек ага Жогорку Кеңешке депутат болгондо “Жардамчым болуп иштеп бер” – дегенинен жардамчы болгом. Кийин өзү иштеген “эт консерва” заводуна директор кылып дайындады. Аталган заводдо үч жыл директор болдум. 2010-жылы бийлик алмашкандан кийин “Республика” партиясынан аким болууга жолдомо алып, райондук кеңештин депутаттарынын колдоосу менен Панфилов районуна аким болуп шайлангам. Замирбек Садыбакасовичти абдан сыйлайм жана урматтайм. Убагында мага акыл сөзүн айтып жол көргөзгөн. Учурда да ал киши экөөбүздүн мамилебиз жакшы. Анын бир уул, эки кызы бар. Уулу Кытайдан билим алып келген акылдуу жигит. Учурда айылда айыл өкмөт болуп иштеп жатат. Анын айыл өкмөт болушуна өз салымымды кошком.

– 2015-жылы Замирбек Эсенаманов дагы депутаттыкка талапкер болду, аны менен добуш талашуу ыңгайсыз болгон жокпу?

– Албетте, шайлоодо Замирбек Эсенаманов баштаган бир топ агаларым менен добуш талашууга туура келди. Анткени саясий жарыш ошондой болду. Антпей коюуга мүмкүн эмес эле. Ошол эле Тынчтык Конушбаев, Бакирдин Субанбеков, Кожобек Рыспаев, Орозбек Алыбаев менен бирге ат салыштым. Мени көбүнчө жаштар колдоп кетти. Жаштардын колдоосу менен Жогорку Кеңешке депутат болуп келдим. Жогоруда атаган байкелеримдин арасында “Жаш баланын колунан эмне келет, шайлабай эле койгула” – деп, элди тескери жакка үгүттөгөндөрү да болду.

– Өмүрбек Бабанов менен кандайча, кантип таанышып калдыңыз эле?

– Өмүрбек Бабанов менен 2005-жылы таанышкам. Бабановдун жардамчылары менен жакшы мамиледе болчумун. Ошолор аркылуу бирге футбол ойноп таанышканбыз. 2010-жылы “Республика” партиясынын Чүй облусу боюнча координатору болуп иштеп бергем. Ошондон баштап аталган партиянын мүчөсү болуп, активдүү иштешип баштагам. Бабановго ыраазымын. Ырахматымды айтам. Мен, мен сыяктуу бир топ жаштарды колдоп, парламентке депутат кылды. Акчасы бар-жогуна караган жок. Эл ойлойт, “Бабанов акча алып депутат кылган” деп. Акча бербей эле депутат болгон балдар барбыз.

– Бабанов менен учурда байланышып турасызбы?

– Жок, байланыша элекмин. Былтыр декабрь айында ал киши партиядагы жакын санаалаш кишилерин чогултуп коштошуп, Кыргызстандан чыгып кеткен эле. Ошондон бери жолуга элекпиз. Бабанов президенттик шайлоодо жакшы добуш алды. Бирок президенттик шайлоону расмий тааный турганын билдирип, саясаттан алыстап, бизнес менен алектенээрин билдирбеди беле. Албетте, Өмүрбек Токтогуловичтин келечеги алдыда. Буюрса мамлекет үчүн көп иштерди кылат деген ишеничтебиз.

Мирлан Алымбаев

Булак: «Фабула»

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 2 + 3 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: