«Бүгүнкү бийликтин кадр саясатын каракулжалыктар, ноокаттыктар, жана алайлыктар басып баратат» деген кептер чыга баштаганы, өзгөчө Ошто айтылып атканы кызык маанай жаратууда. Албетте, бул жагы кайсы «тепкичтерде» кетип атканы, кимдердин ысымы көп айтылары боюнча кызыгуу таризинде үңүлүп көрүш керек экен. Негизинен күч органдарынын жетекчилигине чүйлүктөрдү койгону менен ылдыйкы катмары кантип атат? Же баягы «башчылары баланча жерден» деп коюшуп, негизги келечектеги өсүп чыга турган кадрлар береги үч райондун кулундары тарабынан даярдала баштаганбы? «Элдин көзү көрөгөч» дейт эмеспи, баары тез эле билинип калат…
Булак: Азия Ньюс
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ