Вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова «Фейсбук» баракчасында калаа башчылыгына талапкер катары сунушталбай турганын айтты. Ал Бишкектин мэрлигине талапкер катары сунуштап жаткан жарандарга ыраазычылык билдирип, бирок өкмөттүн мүчөсү болуп ишин уланта берерин жазган.
Социалдык тармактарда “мэрликке вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова талапкер катары көрсөтүлсүн” деген сөз кызуу талкуу жараткан.
Эскерте кетсек, Бишкек шаарынын мэрии шайлоо 8-августта өтөт. Ал эми аталган кызматка расмий түрдө Бишкек шаардык кеңешиндеги көпчүлүк коалиция тарабынан Азиз Суракматов бирдиктүү талапкер катары сунушталууда.
Булак: “Кыргыз Туусу”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ