Көр сатмай бизнеси коомчулукта өзгөчө сенсация болбодубу. Маркум журналист Улан Эгизбаев коомчулукка көрүстөндөрдү сатуу менен шугулданган неме Аскербек Алиев деген эргул экендигин жарыя кылган эле. Ажалдын чакырыгынан да акча жасап, эбак бул дүйнөнүн бакыты менен кайгысынан биротоло баш тартып кеткен өлүктүн жайын да соодалагандарга адам пенденин алы жетпейби? Кайран жигит Улан Эгизбаев так ушул «көр сатаарлардын» анабашчысын көзгө сайып көрсөтүп берсе да ага чара көрүлбөстөн дагы деле ишмердүүлүгүн жүргүзүп, былк этпей ордунда иштеп жатканы кандай? Таянганы таңкабы? Же Алиев өзүнө карата кылмыш козгоп же чара көрө тургандарга да «майлуу орундардан» пара берип койгонбу, алдын ала?..
Булак: “Де-Факто”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ