III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын салтанаттуу ачылыш аземи 2018-жылдын 2-сентябрында Чолпон-Ата шаарында Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбековдун катышуусу менен өткөрүлөт.
Көчмөндөр оюндарынын салтанаттуу ачылышына Казакстандын Президенти Нурсултан Назарбаевдин, Түркиянын Президенти Режеп Тайып Эрдогандын жана Венгриянын Премьер-министри Виктор Орбандын, Россия Федерациясынын Татарстан Республикасынын Президенти Рустам Миннихановдун, Бириккен Араб Эмираттарынын Фуджейра эмиратынын мураскер ханзадасы шейх Мохаммед бин Хамад бин Мохаммед Аль-Шаркинин келиши күтүлүүдө.
Учурда Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын өткөрүү эстафетасын башка өлкөгө, балким Туркияга өткөрүп берүү маселеси каралууда. Бул маселе Түркиянын Президенти Режеп Тайып Эрдогандын 1-2-сентябрда Кыргызстанга жасаган расмий сапарынын алкагында каралат.
III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылышына Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңештин төрагасы Дастан Жумабеков, Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев, Жогорку соттун төрайымы Айнаш Токбаева, өлкөнүн экс-президенттери Роза Отунбаева жана Алмазбек Атамбаев, ошондой эле белгилүү мамлекеттик жана коомдук ишмерлер, дипломатиялык корпустун өкүлдөрү чакырылды.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ