Өтүп бараткан аптада дагы бир үрөй учурган кылмыштын күбөсү болдук. Орусиянын Москва шаарындагы Марьино районунда кыргызстандык жаш балдардын ич ара чырынан улам 20 жаштагы жигит мекендештерин автоунаасы менен тебелетип кеткен. Кырсыктан бир кыргыз жараны мерт кетип, он чакты адам ден соолугунан жабыркады. Орусиянын жарандыгын алган Бекжан Сарбишевге «адам өлтүрүү» беренеси менен иш козголду. Орусиядагы мигранттар менен жакындан иш алып барган «Замандаш» ассоциациясынын өкүлү Азамат Айтбаев «кандай болгон күндө дагы кыргызстандык мигранттардын жүрүм-туруму тууралуу жаман сөздөр айтылды. Бул бир четинен чоң кырсык болсо, экинчиден, кыргыздар кыргыздарды сүздүрүп салып жатат. Мына ушул нерсе Кыргызстанда эле эмес Орусияда дагы талкууга түштү. «Азыр кыргыз мигранттары мурдагыдай эмес, алар жакшы жагына өзгөрүп жатат» деген сөздөргө сокку болду» деп белгиледи ал.
Булак: “Азия ньюс”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ