Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов 11-сентябрь күнү эртең менен эрте шаар ичин жөө кыдырып текшерүүгө алганын аябай пиар кылды. Калаа башчы негизинен көчөлөрдүн тазалыгына, мыйзамсыз курулуштар менен тротуарда жайгашкан күркөлөргө көңүл бурган. Жыйынтыгында, кейпи кеткен аялдамаларды жаңылоо керектигин буюрган. Арийне, мэрдин жөө көчө аралап, натыйжада аялдамадан башка көйгөй таппай карайлаганы кызык болуптур. Анан ушул кыпындай нерсени тоодой көрсөтүп, жоон топ кишилерди ээрчитип алып пиар кылганы деңгээли тайыз, суу кечпей турган жорук десек жарашат. Мурда Ош шаарын көрбөй-билбей жүргөнсүп, жөө кыдырганын маселе чечкендей шардана кылганы уят да чынында. Болгон көйгөйү аялдама болсо, андан башка көйгөй көзүнө урунбаса, көзүн окулистке бир текшертип койчудай экен.
Булак: “Фабула”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ