Menu

Айласы кеткен АША кечээги душмандарына да жагынууга аракеттенүүдө

Бөлүшүү:

Издешпей табышкан калпычылар

Кечээ Жогорку Сотто жаңы ачылган жагдайлар боюнча Өмүрбек Текебаевдин ишин кайра кароо башталды.

Андан мурдараакта, КРнын Юстиция министрлигинин чечиминен кийин АШАнын айланасындагы өздөрүн КСДП партиясынын мүчөлөрүбүз деп атаганга юридикалык укуктарын жоготушкандар “… жаңы ачылган жагдайлар жаралса соттук органдар “Ата-Мекен” партиясынын лидери Ө.Текебаевдин, ӨКМнин экс-жетекчиси Дүйшөнкул Чотоновдун жана парламенттин экс-депутаты Садыр Жапаровдун кылмыш иштерин мыйзамга ылайык толук кайра кароолору зарылдыгын” билдиришти. Жогорку Сот ансыз деле кайра карап жатса, АШАчылардын кыпчыла калып, жогорудагы үчөөсүнө реверанс жасагандыгынын абакта отургандарга кереги да жок болчу. Анын аларга тыйынча да пайдасы жок, зыяны тийип кетиши толук мүмкүн. Бирок, ошол эле билдирүүдө АШАнын штабынын маалымат катчысы К.Жолдубаеванын “экс-президент Өмүрбек Текебаевдин Леонид Маевскийден 1 миллион доллар алгандыгына ишенерин”, “бирок ал Ө.Текебаевди камоого көрсөтмө бербегендигин” да кошумчалаганы – адаттагыдай эле АШАчылар өздөрүнүн кылгандарын тез эле унутушуп, же элди унутту деп эсептешип, дагы адекваттуу эмес абалга, аракеттерге түшүп кетишкендигин гана көрсөттү.

Эгерде Жолдубаева айткандай, АША алиге чейин Ө.Текебаевдин Л.Маевскийден 1 миллион доллар алгандыгына бекем ишенсе, эмне үчүн анда анын бошотулушун талап кылууда? “Күнөөлүү адамды жазык өтөөдөн бошотуу керек”,- деген талап коюнун өзү мыйзамсыздыгын түшүнбөйбү? Эки жыл бою “мародёрлор, мародёр акесин коргоп…”, “сасыгандар”, “ганнибалдар”,. “кузгундар”, “эл бузарлар”, “пилге үргөн кандектер” деп шыбап келгендерине эмне үчүн азыр АШАнын позициясы 180 градуска өзгөрүп, аларга адвокаттык кылганга аракеттенип жатат?

К.Жолдубаева: “Атамбаев Өмүрбек Текебаевди каматууга буйрук берген эмес” дейт. АША канча жалган айтса мейли эле, эл ага көнүп, көңүл бурбай деле каган. Бирок, он гүлүнүн жарымы эми ачылган маалымат катчынын да шефин тартып, жалган айта баштаганы өкүндүрөт. Же чын эле ал АША өткөн жылдын ноябрынан берки интервьюларында “Текебаевди каматпай эле койсом болмок экен…” дегейдей маанилерде өкүнүмүш болуп келгендигин эсинен чыгарып койгонбу? Эгерде жарым жыл мурда кылгандарын, айткандарын эстеринен чыгара башташса, аларга чоң саясатка аралашуунун кажети деле жок. “Сыныктан баары жугат” дегендей, эми АШАнын башка сапаттары да айланасындагыларга жугуп кетпесе экен.

АША буга чейин Текебаевди гана каматтырганына өкүнүмүш болуп келсе, бул жолку билдирүүсүндө ага Д.Чотоновдун, С.Жапаровдун бошотолуусун жактагандыгын да билдириптир.

Эмне үчүн?

Карайлаган там сүзөт

Экс-президент 2040-жылга чейин Кыргызстанды көшөгө артынан башкарып, кредиттердин, инвестициялардын “каймактарын” калпып турууну пландаштырса, андай “Барбаросстук планы” өткөн жазда эле кыйраган. Быйылкы жазда партиясынан айрылып, легитимсиз бир ууч топтун “паханы” болуп калды. Ал былтыртан бери азыркы бийликтен кандай жол менен болбосун реванш алууга аракеттенип келет, бирок колдогондору көбөймөк түгүл, күндөн күнгө азаюуда. Мурдагы досторунан, айланасындагылардан таасирдүү эч ким калбагандыгынан ал саясый атаандаштары, ачыктан ачык душмандары менен болсо да тил табышып, аларды катарына кошууга аракеттенүүдө, бирок анын андай аракеттеринен да майнап чыкпай жатат.

Адегенде ал Нариман Түлеевди алдап-соолоп, өзүнө жакындатууга аракеттенди. Ал көпкө чейин ачык жооп айтпай жүрүп, жакында же АШАнын кемеси чөгүп бараткандыгына толук көзү жеткенден кийин гана аны менен кайнаса каны кошулбастыгын билдирди. Эгерде ал АШАга ыктаса, анын кысымынан өлгөн атасынын арбагына чыккынчылык кылган болмок, элде жийиркеничтен башка эч кандай сезимди жаратмак эмес. Бирок, Н.Түлеев андай ыпластыкка барбады. Анан АША А.Мадумаров, Р.Жээнбеков менен бир жылдай көз кысышты, бирок андан да азырынча эч нерсе чыга элек. Эгерде АШАнын колунан бир нерсе келерине ишенишсе, экөөсү алда качан эле анын мойнуна асылышмак. Азырынча тымызындан АШАны шыкакташкан менен ачыктан ачык биригишкенге даай албай күтүп турушат. Булардын ортозаар позициялары өзгөрбөйт, чынын айтканда бул экөөсүнүн колунан какылдап-такылдагандан башка эч нерсе деле келбейт.

АША Өмүрбек Бабановго жарым жылдай үмүт артып, андан көптү күттү эле, анысы да ишке ашпады. БӨТ Кыргызстанга келбей коюу менен өз кызыкчылыгын гана көздөөрүн, эгерде кызыкчылыктары дал келсе, ага кошуларын, бирок АШАнын гана кызыкчылыктары үчүн эч качан тобокелге барбай тургандыгын билдирди. Эми аргасы кеткен АША Өмүрбек Текебаев, Дүйшөнкул Чотонов, Садыр Жапаров үчөөсүнө реверанстарды жасап, ишараттарды кылып, өзүнө тартууга аракеттенип жатат. Бир чети алардан чындап коркот. Бирок, алар өздөрүнүн бир нече жылдык азап-тозокторун, жоготууларын унутуп, АША көз кысса эле сүйүнүп-сүрдүгө жетип баргыдай алаңгазарлардан эмес. Кокус, эски кектерин унутушуп же чоң убадага алданышып, андай кадамга барышса, жигиттик ар намыстары, абийирлери кайда калат? Антишсе, ошонун эртеси эле толук саясый өлүктөргө айланышат.

Элибизде АШАнын азыркыдай абалын “карайлаган там сүзөт” деп коюшат. АША өз жанына “оригиналдуу” төрт айымдан башка таасирдүүлөрдү тартуу үчүн мындан башка аракеттерди да жасайт, кечээги душмандарына бүгүлгөнгө, жүгүнгөнгө, алардын алдында кемсингенге да даяр. Бирок, баары бир анын андай аракеттеринен жарытылуу эч нерсе чыкпайт. АША – заманы, мезгили өтүп кеткен адам. Тилекке каршы, аны өзү гана түшүнбөй. жатат.

Байкоочулар эмне дешүүдө?

АШАнын жогорудагыдай олдоксон аракеттерин, айланасындагылардын жалгандарын серепчилер, байкоочулар арга кеткендеги аракеттер катарында гана карашууда. Анын мурдагы коллегасы Э.Каптагаев “эки жүздүүлүктүн, арамзалыктын, саясый куйтулуктун суу кошпогон үлгүсү” катарында баалады. Ал эми АШАнын Саясый кеңешинин жаш мүчөсү Темирлан Султанбековду билдирүү кабыл алынган отурумга чакырбай коюшкан экен, ал АШАнын партиясы мародёрлорду жактаганы чыкса, партбилетин таштай тургандыгын билдирди. Ансыз деле Саясый кеңешке мүчөлүккө 13 адам табылбай жатканда, ал андан кетсе, вакансия 14кө жетет окшойт.

Билишибизче, жогоруда аталган үчөөсүнүн иштери быйыл 1-январдан күчүнө кирген Кылмыш, Кылмыш-процессуалдык кодекстеринин негизинде кайра каралганы жатат. Укуктук чөйрөдө “мыйзам артка кайткыс күчкө ээ эмес” (закон обратной силы не имеет) деген принцип бар. АШАчылар ошонун негизинде жакында мамлекет башчысы кол койгону жаткан экс-президенттен кол тийбестикти алуу боюнча мыйзам АШАга таркатылбайт деп кыйкырып чыгышкан. Эми жаңы Кодекстердин негизинде эски иштерди кароону талап кылышууда.

Мына ушуларды көргөнүндө АШАчылардын мээлери ордундабы же ал жактары да АШАнын таасири менен биротоло “каша” болуп калганбы?”- деген суроо өзүнөн өзү пайда болот экен. Алардын оң колдору кылып жаткан иштерди сол колдору билеби же адекваттуулук эмес бардык жактарын чырмап калганбы?

Ушул суроого ким жооп берет?

Автандил Белеков

Булак: «Майдан»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 3 = 4

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: