Menu

Абылгазиев жигиттик сөз айтып, Бельяниновго жооп кайтарды

Бөлүшүү:

Кечээ күнү өкмөт башчы Мухамедкалый Абылгазиев «Евразиялык Банктын» жетекчиси Бельяниновду «непорядочный» деп Жогорку Кеңештин трибунасынан баа берди. Эске салсак, ал буга чейин сырттан кыргыз өкмөтүн сындап, кемсинткени боюнча ЖМКларда катуу талкууланып, чуу жаралган.

Биздин аткаминерлер оңой менен оруска, жалпысынан чет өлкөлүк чиновниктерге каяша айтпаганын эске алып, биз Абылгазиевдин жигиттигине баа беришибиз керек. Таңгалычтуусу, Россия бизге бекер берген 200 миллион долларлык грантты Бельянинов Азербайжан олигархы Агаларовдун эсебине котортуп, ошондон улам бизде курулчу лабораториялар курулбай, Кыргызстан даярдыгы жок ЕАЭБге киргени жалган беле? Андан тышкары, Бельянинов дагы бир канча афераларды молдова бизнесмени Шор аркылуу жүргүзгөнү боюнча кабарланып келет. Былтыр болсо бир жаш орус Елена Нагорная аттуу катындын атынан «Мегаком» компаниясын приватгаштырганга аракеттенгени, кайрадан нааразычылык жаралганы эсибизде. Натыйжада, биздин бийлик чыйралып, жакында Путин келе турган болсо, бул баардык фактыларды ачыкка чыгарып, ал берген 200 миллион доллардын дайынсыз уурдалып кеткенин түшүндүрүшсө болобу? Күрөшүш керек да.

Бекбол Айдаров

Булак: “Азия ньюс”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 80 − 74 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: