Бүгүн, 29-июнга карата Кыргызстанда дагы 269 адамдан коронавирус илдети табылды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев өмөттүк онлайн-брифингде билдирди.
Жаңы учурлар: Бишкек шаарынан – 138, Чүй облусунан – 43, Ош шаарынан – 23, Ош облусунан – 6, Ысык-Көл облусунан – 16, Жалал-Абад облусунан – 26, Талас облусунан – 9, Нарын облусунан – 4, Баткен облусунан – 4 катталган.
Муну менен өлкөдө ооругандардын жалпы саны 5017ге жетти. Алар:
– Жалал-Абад облусунда — 329 адам;
– Ош облусунда — 484 адам;
– Ош шаарында — 650 адам;
– Бишкек шаарында— 1915 адам;
– Нарын облусунда — 474 адам;
– Чүй облусунда — 696 адам,
– Баткен облусунда — 68 адам;
– Талас облусунда – 51 адам;
– Ысык-Көл облусунда — 111 адам.
– Чет өлкөлөрдөн келген жарандар – 240 адам.
Ал эми акыркы бир сутка ичинде коронавирус илдетинен айыккан 52 бейтап ооруканадан чыгарылып, алардын жалпы саны 2294кө жетти.
Оорудан айыккандар: – Бишкек шаарынан – 6 адам; Чүй облусунан – 13 адам, Ош облусунан – 3, Ош шаарынан – 21, Талас облусунан – 6, Баткен облусунан – 3 адам.
Өткөн суткада 3 бейтап каза болду.
Республикалык жугуштуу оорулар ооруканасынан 1966-ж.т. аял киши, Ош шаардык клиникалык ооруканасынан 1953-ж.т. эркек киши жана Ош гуманитардык университетинин клиникасынан 1959-ж.т. эркек киши оорудан улам каза тапты.
Илдеттен улам каза болгондордун саны 50гө жетти.
Булак: Kyrgyztoday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ