Menu

Жусупжан Жээнбеков, коомдук ишмер: Экс-президент менен Кыргызстандын келечеги тууралуу ой бөлүшсөк болот

Бөлүшүү:

– Жусупжан мырза, Атамбаевдин экс-президенттик макамын, кол тийбестигин алуу менен сот жоопкерчилигине тартуу маселесин айрым депутаттар көтөрүшүүдө. Бул боюнча сиздин көз карашыңыз кандай?

– Биринчиден, азыркы күндө «экс» деген макамды алуу мыйзамы жана процедурасы жок, азырынча бул процедурага көп убакыт кетет. Эгерде Атамбаевдин айыптары укук коргоо органдары тараптан такталса, мойнуна коюлса, ал сөзсүз түрдө Кыргызстандын жараны катары сот алдында жооп берет.

– «Атамбаевди эки-үч айда камакка албаса, жазда кеч болуп калат, алыбыз жетпей, шорубуз катат» деген айрым билермандардын тынчсызданганы канчалык деңгээлде реалдуу? Чын эле экс-президент бийлик үчүн баш ооруну жаратканы турабы?

– Атамбаев эки-үч айда олуттуутополоңго барбайт го, себеби ал өтө дасыккан саясатчы, президенттикке кандай татаал жолдор менен келди, расчетту өтө туура түзүп, Кыргызстанды 7 жыл «кыңк» дедирбей башкарды. Оппозиция-хоппозиция да башын жерге салып, тоо куштай болуп отурду. Андан сырткары, Кыргызстандын элине миң мертебе ыраазы болсок болот, себеби, эки революцияны жасаган эл мамлекетибиздин тынччылыгын бийик койду, 7 жыл чыдады. Аны билген Алмаз да азаматтык кылып, бийликти тынч өткөзүп берди, өзү багып, таптап, тарбиялаган «досуна». Тилекке каршы, узун сабактуу атайын тартылган «сериал» башталды…

– Саясый кырдаалды өзгөртүү үчүн Атамбаевдин канчалык деңгээлде дарамети бар?

– Алмаз оңою менен бийликтен ажырабайт, себеби, анын артында да өз электораты жана өтө бай колдоочулары бар -НПО мүчөлөрүнөн күчтүү жана абройлуу!

– Учурда саясатчылар четинен Атамбаев менен ымалага келишип, сүйлөшүүгө барып атышыптыр. Сизди да эски үзөңгүлөшү катары чакырса барасызбы?

– Алмаз Атамбаев мени жен эле чакырса барбайм, себеби, ал мага начальник, же президент эмес. Эгерде жолум түпгүп, жакын арада Бишкекке барып калсам, «Жусупжан, жолугалы. Кыргызстандын келечеги тууралуу ой бөлүшөлү» десе, анда жолугам. Бирок, менин коз карашым биринчи кезекте Кыргызстандын тынччылыгы, оппозиция болсом да умеренный оппозиция болуу. Себеби, оппозиция – алга жылуу жана өнүгүү дегендик!

Бекбол Айдаров

Булак: «Азия ньюс»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 8 + 2 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: