Menu

Сооронбай Жээнбеков жумушчу сапары менен Жалал-Абад облусунун Токтогул районунда болду

Бөлүшүү:

Сооронбай Жээнбеков кечээ, 19-июлда, жумушчу сапары менен  Жалал-Абад облусунун Токтогул районуна барды. Бул туурасында Өкмөттүн расмий сайты жарыялады.

Өкмөт башчы Бишкек-Ош жолунун 133-чакырымындагы тилкенин абалын иликтеди. Жолду көрүп чыккан соң Премьер-министр Транспорт жана жолдор министрлигине караштуу «Бишкек-Ош» автожолу мамлекеттик дирекциясынын ишин мурда аныкталган ремонт мөөнөтүн үзгүлтүккө учураткандыгы үчүн катуу сынга алды. Сооронбай Жээнбеков баса белгилегендей, «Бишкек-Ош» автожолунун башкы директору Изатбек Токтомамбетов өз милдеттерин аткарбагандыгы, өкмөттүн тапшырмасын жана ремонт ишинин графигин үзгүлтүккө учураткандыгы үчүн кызматынан алынат.

Премьер-министр ошондой эле Токтогул шаарынын ички жолдорун рекнструкциялоонун жүрүшү менен таанышып, Токтогул районундагы жаңы мектептин курулушун тездетүүнү жана Маданият үйүнүн ремонттоого каражат бөлүүнү  тапшырды.

Сооронбай Жээнбеков Токтогул районундагы ирригациялык объектилердин курулушунун жүрүшү менен таанышты. Премьер-министр эскерткендей, Ирригацияны өнүктүрүү мамлекеттик программасын кабыл алуунун алкагында жакынкы 10 жылда үч этапта 46 суу чарба объектилери курулат. Анын жыйынтыгында 66,5 миң гектар жаңы сугат жерлери жана 51миң гектар жерди суугаруу иштерин уюштуруу мүмкүнчүлүгү пайда болот.

Жумушчу сапарыны алкагында өкмөт башчы Сооронбай Жээнбеков жергиликтүү тургундар менен жолугушту. Анда калкты ичүүчү суу менен камсыз кылуу, мектептерди жана спорттук зал куруу маселелери көтөрүлдү.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 88 + = 94

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: