Кыргыз Республикасынын паратриатлон боюнча курама командасынын мүчөлөрү жайкы Паралимпиада оюндарына жолдомо алууга рейтингтүү упай топтоо үчүн дүйнө Кубогуна катышып жатышат. Бул тууралуу жаштар иштери, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигин басма сөз кызматы билдирди.
Дүйнө Кубогу 3-мартта старт алып, 7-мартка чейин Абу-Даби шаарында (ОАЭ) өтөт.
Курама команданын мүчөлөрү:
1.Нурбек Тойчубаев, 1976 ж.т., КР ЭДСЧ;
2. Жалалдин Абдувалиев, 1993 ж.т., КР ЭДСЧ;
3.Андрей Хандеев, машыктыруучу.
Белгилей кетсек, спортчулар Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт агенттик тарабынан иш-сапарга жөнөтүлдү.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ