Кечээ президент Сооронбай Жээнбеков Жогорку Кеңештин төрагаларынын жана премьер-министрлеринин экстерин түгөлү менен чакырып акылын уккан болду. Эми ошолордун кээ бирлеринин аты-жөнүн атап алалы. Алар: Апас Жумагулов, Феликс Кулов Турсунбек Чынгышев, Амангелди Муралиев, Игорь Чудинов, Зайнидин Курманов, Адахан Мадумаров, Алтай Бөрүбаев, Акматбек Келдибеков, Айтибай Тагаев, Марат Султанов, Ишенбай Кадырбеков, Кубанычбек Жумалиев, Чыныбай Турсунбеков ж.б. Мына ушул аты саналгандардын баары эл оозунда жаман сыпаттама менен айтылып келет. Булардын тазасы жок. Анан байкуш президент булардан эмнени үйрөнүп куурады?! Кантип коррупциялык жолду баскандыбы же өкмөт менен парламенттин ишин аксаткандыбы?! Андай болсо, дурус, булардын ал маселелерде билбегендери жок! Булардын “акылын” угуп президент тескери жолго түшкөнү калган го деп да жүрөк түшөт экен. Андан кудай сактасын – жогоруларын “акылынан” сактасын дегенибиз!
Булак: «Багыт»
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ