Бишкектин Свердлов райондук администрациясынын жетекчиси болуп Мурат Осмонов дайындалды. Бул тууралуу шаардын мэриясы кабарлады.
Маалыматка караганда, аталган жарлыкка мэр Азиз Суракматов кол койду. Мурат Осмонов кесиби боюнча физик-инженер. Анын экинчи юридикалык жогорку билими бар. Буга чейин ал Сокулук районунун мамлекеттик администрациясынын аппаратын жетектеп келген.
Свердлов районунун мурунку акими Самарбек Болотбеков башка кызматка өткөндүгүнө байланыштуу, ордунан өз каалоосу менен кеткен.
Булак:KyrgyzToday
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ