Menu

Фотобаян – Чүй облусунун кыргыз-казак чек ара тилекесиндеги «Токмок-автодорожный» көзөмөл өткөрмө пункту модернизацияланып, пайдаланууга тапшырылды

Бөлүшүү:

Кыргыз Республикасынын Чүй облусундагы кыргыз-казак чек ара тилекесиндеги  «Токмок-автодорожный» көзөмөл өткөрмө пункту модернизацияланып, пайдаланууга тапшырылды. Көзөмөл – өткөрмө пункту суткасына 700 автоунааны жана 5000ге жакын жаранды өткөрүүгө эсептелген.

Бүгүн, 23-мартта Кыргыз Республикасынын  Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков жаңыланган «Токмок-автодорожный»,  көзөмөл–өткөрмө пунктунун  ачылыш аземине катышты. Бул тууралуу КР Өкмөтүнүн Аппаратынын басма сөз кызматы маалымдады.

Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков белгилегендей, Кыргызстандын ЕАЭБге кирүүсү менен негизги көңүл мыйзамдык базаны жакшыртууга бурулуп, инфраструктуралык долбоорлорго тийешелүү деңгээлде көңүл бурулбай калган.

Анын жыйынтыгында өткөн эки жылда дыйкан-фермерлер жана ишкерлер, республикадагы эскпортерлор кыйынчылыктарга жана ыңгайсыздыктарга туш болду.

«Муну эске алуу менен, Кыргызстандын инфраструктурасын жакшыртуу маселесин ЕАЭБдин талаптарына ылайыкташтыруу, эл аралык стандартка ылайыктоо талабы Өкмөттүн ишмердүүлүгүнүн приоритеттүү багыты катары аныкталган. Жыйынтыгында  9- мартта Талас облусунун Кара-Буура эл аралык стандартка жооп берген фитосанитардык  лаборатория ачылды. Жакынкы убакта Ысык-Көл облусунун Түп районунда дагы бир фитосанитардык лаборотория пайдаланууга тапшырылат. Өлкөнүн бардык облустарында ветеринардык,  фитосанитардык  лабораторияларды куруу жана ремонттоо иштери жүргүзүлүүдө. 2017-жылдын аягына чейин Кыргызстанда 13 фитосанитардык жана  ветеринардык  лаборатория ишке киргизилет. Бул максатта мамлекеттен 190 млн сом бөлүнөт», – деп баса белгиледи Сооронбай Жээнбеков.

Премьер-министр «Токмок-Автодорожный» көзөмөл өткөрүү пункту ЕАЭБ  талаптарынын алкагында жаңыланганына басым жасады. Жакын арада кыргыз-казак мамлекеттик чек арасында жайгашкан «Кең-Булуң-автодорожный» өткөрүү пункту да пайдаланууга берилет.

Сооронбай Жээнбеков кыргыз-казак мамлекеттик чек арасында жайгашкан бардык көзөмөл өткөрүү пункттары мамлекетик чек ара аркылуу өтүп жаткан жарандарга ыңгайлуу шарт түзүү максатында, эл аралык талаптарга ылайык модернизацияланарын билдирди.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдындагы Архитектура курулуш жана турак жай коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директору Бактыбек Абдиев маалымдагандай, «Токмок-автодорожный» көзөмөл  пунктунун курулуш иши 2016-жылдын сентябрь айында башталган. Ал ошондой эле азыркы тапта Премьер-министрдин тапшырмасы менен, республика боюнча бардык көзөмөл өткөрүү пункттарында оңдоо иштери башталганын, алар 2017-жылдын күзүндө аяктай турганын билдирди.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдындагы мамлекеттик чек ара кызматынын төрагасынын милдетин аткаруучу Уларбек Шаршеев чек ара аркылуу өткөн жарандар жана көзөмөл өткөрүү пунктунда иштеген чек ара кызматкерлери үчүн бардык шарттар түзүлгөнүн билдирди. Эки кабаттуу имаратта документтерди каттай турган жана паспорттук текшерүү иштерин жүргүзө турган бөлмөлөр жайгашкан. Өткөрүү пункту эл аралык талаптарга жооп берген бардык жабдуулар менен камтылган.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 22 − 14 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: