Бүгүн, 20-сентябрда Кыргыз Республикасынын ички иштер министри, милициянын генерал-майору Кашкар Джунушалиев Ош ШИИБде Ош шаардык, Ош, Баткен, Жалал-Абад облустарынын ички иштер башкармалыктарынын, шаардык-райондук бөлүмдөрүнүн жетекчилерине ыкчам жыйын өткөрдү. Жыйындын жүрүшүндө министр Кашкар Джунушалиев бөлүмдөрдүн жетекчилеринен ал тараптан берилген тапшырмалардын аткарылышы, жер-жерлердеги абалдар жана кызматкерлердин социалдык камсыздалуусу тууралуу, ошондой эле кылмыштуулуктун ачылышы жөнүндө сурады. Бул тууралу ИИМдин Басма сөз кызматы билдирет.
Жыйында ички иштер министри Кашкар Джунушалиев бардык кызматкерлерди кызматтык тартипти сактоого чакырды. Андын сырткары, түзүмдүн башчысы өздүк курамга Кыргыз Республикасынын жаңы кодекстерин окутуу керектигин, андан соң кызматкерлердин жаңы кодекстерди канчалык денгээлде билгендигин текшерүүнү тапшырды.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ