Menu

Зууракан Каденова Сеул аэропортунда мас беле же…

Бөлүшүү:

Өткөн ишемби күнү Түштүк Кореянын борбору Сеулдун аэропортунан Алматыга уча турган самолет борттогу бир кыргыз аялдын мас болуп алып, чыр чыгаргандыгынан улам учпай калгандыгы тууралуу окуя кыргыз коомчулугунда бомба түшкөндөй эле “дүң” дей түштү. Мындай маалыматты алгач ошол учактын бортунда отурган ЖК депутаты Аида Исмаилова социалдык тармактарга жарыялаган. Андан соң көрөгөч, жер тыңшаар маамыттай жокту да жаратып жиберчү кесиптештерибиз бул айым КСДП партиясынын мүчөсү, Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министринин орун басары Зууракан Каденова экендигин аныктап, мурда кайсы окуу жайды бүтүп, кайда иштегендигине чейин жиликтеп жиберишти. Ошол эле күнү премьер-министрдин буйругу менен ал кызматынан алынды. Кыргызстандын Түштүк Кореядагы элчилиги да окуянын изи сууй электе аэропортко барып, чиновник айымдын мас экендигин, оозунан арак жыттанып тургандыгын тастыктады. Көрсө, З.Каденова Кореянын KOICA уюмунун чакыруусу менен 20 күн окууга барыптыр. Борттогу жүргүнчүлөр бир нече саат кечигип учурулган. Ал эми З.Каденова ошол эле “Эйр Астана” компаниясы менен эртеси учурулган. Бирок ал Кыргызстанга келген соң окуя тууралуу мындай түшүндүрмө берди: “Мен Кореяда диета кармап, 5 килограмма арыктадым. Акыркы күндөрү Сеулда мени жүрөгүм кыйнап жүрдү. Кайтаардын алдынан валерьянка ичкем, андан кийин аэропортто катталуунун алдынан корвалолдун калганын ичип алдым. Бөтөлкөдө 40 тамчыдай бар болчу, адатта 30 тамчыдан ичишет. Андан кийин эки бөтөлкө кока-кола ичтим. Учакка отуруп, курду тагынгандан кийин өзүмдү жаман сезе баштадым. Дааратканага баргым келди, бирок стюардесса даараткана ачык эмес деп урусат бербей койду. Ал мага баштыкча алып келип берди, мен ага эки жолу кустум. Мен дарыны ач курсакка ичип алгандан улам ооруп калдым окшойт…”. Айтор З.Каденова айым кыргыз чиновниктеринин ансыз деле нөлгө барабар абийирин эл аралык деңгээлде дагы бир ирет аштай төгүп койду.

Булак: «Майдан»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 76 + = 81

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: