Жакында эле болгон маданият өкүлдөрү алып баруучу Нурзат Токтосунова менен ырчы Айгерим Расул кызынын ортосундагы жаңжал көпчүлүктүн эсинен кете элек. Ошондутан учурда эл эки маданият өкүлдөрүнүн кадамдарын өзгөчө көңүл буруу менен байкоодо. Ал эми Айгеримдин кошбойлуу экендигине карабай тойлордо ырдап жүргөндүгүн күйөрмандарынын айрымдары колдосо, айрымдары тескери пикирин калтырып жатышкан. Дейин дегенибиз, ырчы Айгерим Расул кызынын 1 күндүк мээнети 100 миң сом экен. Мындай маалыматты ырчы өзүнүн билдирүүлөрүндө калтырган.
Ырчы тойдо жар-жар айтып жаткан видеосун киргизип, бүгүнкү күндүн 4-тоюндамын»,-деген постуна инстаграм колдонуучулары «Алкымың чоңго аябай эле, сага акча керек го төрт тойго барып, калп эле төрөгөнүмө жеңил дейсиң»- деген сын-пикирин жазышкан. Буга Айгерим Расул кызы «Сен дагы бир күндө 100 миң сом тапсаң, бармаксың», -деп жооп берген.
Булак: “Де-Факто”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ