Menu

“Досье” борбору “Руслан Боширов” тууралуу жаңы маалыматтарды жарыялады

Бөлүшүү:

“Досье” журналисттик иликтөөлөр борборунун маалыматы боюнча 2014-жылы Башкы чалгын башкармалыгын кызматкери Чепига Атайын операциялар күчтөрү менен бирге Украина президенти Виктор Януковичти эвакуациялоого катышкан жана бул үчүн Орусия Баатыры наамын алган.

Bellingcat иликтөө тобу Солсбериде мурдагы орус тыңчысы Сергей Скрипаль жана анын кызын ууландырууга шектелген “Руслан Боширов” аттуу жаран дал ушул Анатолий Чепига экенин тастыктаган.

“Досье” борбору полковник Чепига катардагы студенттер сыяктуу Орусия мамлекеттик гуманитардык университетинин жатаканасында жашаганын аныктаган.

2000-жылдардын ортосунда Башкы чалгындоо башкармалыгынын атайын бөлүгүнүн 14-бригадасынын майору Анатолий Чепига Дипломатиялык аскер академиясынын көз кырына илинген. Анатолий Чепигага берилген мүнөздөмө мыкты: үч жолу Чеченстанда болгон, сыйлыктары бар, моралдык жактан туруктуу, үй-бүлөгө бекем.

“Досье” жарыялаган текстте Чепига эле эмес, Башкы чалгын башкармалыгын башка кызматкерлери туурасында да маалыматтар бар – алардын баары Москвада бир эле даректте катталган.

Макаланын автору, журналист Сергей Канев орус бийлигинин куугунтуктоосунан кооптонуп, өлкөдөн чыгып кеткени белгилүү болду.

Бул арада Москвада өткөн энергетика боюнча форумда Орусиянын президенти Владимир Путин Чалгын башкармалыгынын мурдагы кызматкери жана Британиянын чалгын агенттигинин тыңчысы Сергей Скрипалды “саткын” жана “бузуку” деп атады. Залда отургандар анын мындай сөзүн колдоп кол чабышты.

Путиндин айтымында, Скрипаль менен анын кызынын ууланышынын тегерегиндеги “тыңчылардын чыры атайлап көбүртүп-жабыртылып” жатат.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 3 = 2

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: