Menu

Видео – Бишкекте Кытайдын Борбордук театрынын «Манас» операсы экинчи күнү да аншлаг менен өттү

Бөлүшүү:

Бүгүн, 12-июнда Бишкектеги Абдылас Малдыбаев атындагы Кыргыз Улуттук академиялык опера жана балет театрында Кытай Эл Республикасынын Борбордук театры тарабынан даярдалган “Манас” операсы экинчи күнү да аншлаг менен өттү.
Бул жолу шаар тургундары жана меймандары үчүн оюн акысыз уюштурулду.
Эмесе опера тууралуу кеп башынан болсун:
Опера алгач, Манас баатырдын даңазалуу жеңиштеринен баштап ал өзүнүн чоролору жана аскерлери менен Бээжинге келип такты алып олтурганы менен башталды.
Андан соң, Таласты көздөй келе жаткан Манасты Каныкей тосуп алып, Манас өмүрүнүн соңку кездеринде өз жубайы Каныкейге жана уулу Семетейге акыл-насаатын жана керээз-мурасын айтып, көз жумушу көрсөтүлүп, Манастын атасы Жакып Каныкейди жана Семетейди кетириши,
Эр жеткен Семетей жана Күлчоро Коңурбай менен таймашып, Семетей Конурбайды жеңиши тууралуу көрсөтүлдү.


Эске салсак,башкы ролдорду Кытай Эл Республикасында белгилүү опера ырчылары катышты. Алар: Баритон—Ю. Жинрэн “Манастын”, Тенор—Ли Куан “Семетейдин”, Сопрано—Мэ Хун – “ Каныкейдин”, Сопрано—Гоу Чэнжэн “Айчүрөктүн”, Альт – Нью Шаша – “Чачыкейдин”, Тенор—Лю Ижань “ Ырчы уулдун”, Баритон- Гэн Чжэ -“Коңурбайдын” жана Тенор—Ли Сянь “Канчоронун” ролдорун жогорку чеберчиликте аткарышты.

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 39 − = 31

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: