Бүгүн, 18-октябрда өтүп жаткан Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында эл өкүлү Ирина Карамушкина дыйкандардын көйгөйлөрүн көтөрүп чыкты. Депутат өлкөнүн дыйкандары түшүмүн сата албай кыйналып жатканын билдирди. Анын айтымында азыркы күндө баардык базарларда, дүкөндөрдө ата мекендик дыйкандар өндүргөн жашылча-жемиштерге караганда чет элден келген продукция көп болуп, өзүбүздүн азык түлүктөрүбүз өтө арзан баада сатылып, же такыр сатылбай атканын, анын натыйжасында дыйкан чарбалар чыгымга учурап жатканын белгиледи.
Карамушкина ошондой эле Айыл чарба министрлиги аймактардагы фермелердин көйгөйүн чечүүдө алсыз болуп, айрым учурда эч нерсе кылбай жатканына токтолду. Ал мисал катары Өзбекстан Кыргызстандан 500 тонна картошка алуудан баш тарткандан кийин тийиштүү министрлик ыкчам аракеттерди көргөн эмес деп билдирди.
“Айыл чарба министрлиги кандай ыкчам чараларды кабыл алды? Кочкор, Ак-Суу, Тогуз-Торо райондорунун дыйкандары картошкаларын сата албай отурушат. Керек болсо 5 сомго сата албай убара. Ошондой эле сабиз, сарымсак, пияздарды сата албай жатышат. Сактаганга жай жок, аймактагы бийликтердин акчасы жок”, — деп айткан.
Депутат айым дыйкандардын түшүмүн Орусиянын түндүк аймактарына алып барып, сатууга жардам берүү керектигин атты.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ