Бүгүн, 18-октябрда Жогорку Кеңештин кезектеги жыйынында депутат Камчыбек Жолдошбаев эл өкүлдөрүнүн көңүлүн Бишкек шаарынын мэри Азиз Суракматовго бурду.
“Мурунку мэрлер 60тан ашык жолду жаап коюп баштаган иштерин бүтүрбөй элди азапка салган. Азиз Суракматов келгенден бери андай 40 иш бүттү. 40 көчөгө асфальт төшөп, түздөдү. Мындай иштерди айтып, эскерип туруш керек. Керек болсо, кээ бир күйүп кеткен жерлерди да гүлдөтөйүн деген максаты бар. Башка мэрлерге караганда жылыш бар. Жаш экен, энергиясы толуп турган убак, өзү өндүрүү менен жүргөн бала экен, пайдаланыш керек. Орусча-кыргызча сүйлөсө эле асыла бербеш керек. Ошол эле учурда вице-мэр Дүйшембиев болушунча артка тартып, Бишкек шаарын жамандатып жатат” – деди, депутат Камчыбек Жолдошбаев.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ