Ар жылы, 1-июнда көптөгөн өлкөлөрдөгүдөй эле биздин мамлекетибизде да Балдарды коргоонун эл аралык күнү майрамдалат. Жайдын алгачкы күнү Каракол шаарында балдардын майрамына карата бир катар иш-чаралар менен акциялар пландаштырылган. Бул туурасында Ысык-Көл областтык сотунун басма сөз кызматы маалымдайт.
Балдарды коргоо күнүнө арналган кайрымдуулук акцияларга Ысык-Көл областтык сотунун эмгек жамааты салттуу түрдө жыл сайын катышып, ата-энеси жок балдарга материалдык жардамын көрсөтүп келет.
1-июнда Ысык-Көл областтык сотунун судьясы У.Т. Шерипов, соттун аппаратынын кызматкерлери Б. Данабаева, Г. Аширбаева, С. Мадакеев, А. Усупбеков жана Н. Курдашов Каракол шаарындагы «Каракол» балдар үйүнүн тарбиялануучулары менен жолугушту.
Судья Улан Шерипов Ысык-Көл областтык сотунун жалпы жамаатынын атынан балдарды майрамы менен куттуктап, ачык асман, чың ден соолук, жаркын келечек каалап, мындан ары да жардамдар көрсөтүлүп турарын айтты. Андан соң, атайын даярдалган белектер жана азык-түлүктөр тапшырылды.
Балдар үйүнүн директору М.Б.Орозбаева соттун жалпы эмгек жамаатына терең ыраазычылыгын билдирди.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ