Кечээ, 22-октябрда интернетте популярдуу болгон Алмаз Атамбаев менен Нариман Түлеевдин Бишкек-Москва каттамындагы учакта түшкөн сельфиси тууралу анын автору Нариман Түлеев кооментарий берди:
“Сельфи тууралу чакан комментарий бергим келет. Атамбаевди алгач көргөнүмдө өзүмдү кармана албай, ага одоно, кескин, энооз сөздөр менен кайрылдым. Бирок, бир аздан кийин ал өзү басып келип, мага колун сунду, эмне болгон күндө да мени өзүңөн улуу кишини сыйлоого тарбиялашкан, ошондуктан жооп иретинде мен да ага кол сундум. Менин одоно кайрылуума карабай ал мага өзү басып келип, колун сунду….
Анан ал “кел сүйлөшөлү” деп чакырды, ошентип биз үч жарым сааттай сырдашып калдык. Мен анын саясаты тууралу, анын доорунда болуп өткөн окуялар, анын кадрлары өлкөнү, элди кантип тоногонун, башкалардын мүлктөрү менен бизнесин кантип басып алышкандарын айтып бердим. Ушулардын баарын ал билгенби же жокпу, мага белгисиз. Анын элге берип аткарылбай калган убадалары, күч жана сот органдарынын эл кызыкчылыгында реформаланбай калгандыгы жөнүндө айттым.
Мындай нерселерди ага 6 жыл ичинде менден башка кимдир бирөөлөр айтты беле же жокпу билбейм. Мен айттым, аны сындап келген мени жана башкаларды бекер эле укпай койдуңуз дедим. Ал башын ийкеп жатты.
Көп сөздөр айтылды, анан мен андан “качып баратысыңбы?” деп сурасам, ал кайтып келем деди. Мунун баары тууралу бир аз кийинчерээк айтып берем, азыр жолдо барам, жеткенде баарын айтып берем, азыр кең-кесири айтканга мүмкүнчүлүк жок. Жакынкы күндөрдө биздин сөздөрүбүздү толугу менен кеңири элге жеткирем.
Мага ушундай баарын бетке айтуу мүмкүнчүлүгүн берген тагдырыма ыраазымын, өзүм үчүн эле эмес, баарыбыз үчүн достор.
Ал эми мен сельфини жарыялаганымдын себеби, мен комментарий жазганча бирөөлөр жарыялап жибербесин дегеним. Анткени учактагы башка жүргүнчүлөр да келип бизди сүрөткө тартып жатышты, бирок алар биздин ортобузда кандай сөз болуп жатканын түшүнүшкөн жок да.”
Булак: Кyrgyztoday.кg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ