Кечээ, 23-октябрда Мамлекеттик байланыш жана маалыматтык технологиялар комитетинин төрагасы Бакыт Шаршембиев Жогорку Кеңештин депутаты Рыскелдик Момбековго карата Сокулук райондук сотуна доо арыз менен кайрылды.
Арызда депутат Рыскелди Момбеков парламентте сүйлөгөн сөзүндө Бакыт Шаршембиевди 8 кылмыш ишинде фигурант деп, анын абройуна шек келтиргени жазылган.
Моралдык компенсация катары Шаршембиев соттон Рыскелди Момбековдон 1млн сом айыппул өндүрүп берүүнү талап кылууда.
Ошондой эле ал депутат Рыскелди Момбеков “24.kg жана “gezitter.org” басылмаларында айткан сөздөрүн жокко чыгаруусун талап кылууда
Булак:KyrgyzToday
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ