Бүгүн 23-октябрда Баткен облусунун Кадамжай районунун Майдан айылындагы Шамбесай алтын кенин изилдөө үчүн келген атайын топко жергиликтүү тургундар тоскоолдук жаратышты. Милиция кызматкерлери элди тосуп туруп, изилдөө үчүн келген комиссия ал жерден топурак жана суу алып кетти. Ал эми комиссиянын ишине тоскоолдук жараткан тургундарды милиция кармап кетти. Бул тууралуу Бекмат Отонбаев аттуу жаран өзүнүн социалдык түйүндөгү баракчасына жазып чыкты.
Алдын ала маалыматтарга караганда, Шамбесай кенинде болжол менен 8 тоннага жакын алтын бар. 2007-жылы кенди чалгындоо иштери башталып, 2012-жылы казууга лицензия берилген. Бирок кенди иштетүү долбоору бүгүнкү күнгө чейин ишке ашпай келет.
https://youtu.be/MknKch9B7mc
https://youtu.be/hkrUOWQzxaM?t=23
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ