Окуя 27-октябрда Аккурган районунун Ташобласть айылында болгон. Бул тууралуу “Kun.uz” маалымат агенттиги жазып чыкты.
Кызуу талкууга алынган бул сүрөт 27-октябрда социалдык тармактарда жарыяланган. Сүрөттө талаада алты кишинин тизеге чейин келген арыктагы сууда турганы тартылган. Бул көрүнүшкө Эмгек менен камсыз кылуу министрлигинен дароо жооп кылышып, сүрөткө тиешелүү бардык деталдарга издөө салышкан.
Ал эми сүрөттө Аккурган районунун айыл чарба иштери боюнча губернаторунун орун басары Шерзод Мурадов, Айыл жана суу чарба тармагынын башчысы Тохир Мирзакаримов, Аккургандын Айыл жана суу чарба башкармалыгынын башчысы Шароф Ахмедов, “Озод” махалласынын аксакалы Закир Мусабеков, “Мавлонбой” фермасынын директору Зокир Мавлонов жана “Абдуносир Гулом” фермасынын директору турат.
Жазылган маалыматка караганда окуя болгон жерде вице-премьер Зоир Мирзаев да болгон. Ал буудайды суугарбаган 6 чиновникти ушундай жол менен жазалоону чечкен. Мирзаев 2018-жылдын февраль айына чейин айыл чарба жана суу министри болуп кызмат кылган.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ