Menu

Тажикстан көрүстөндөрүндөгү чоң күмбөздөр түрттүрүлөт

Бөлүшүү:

Тажикстанда бийлик көрүстөндөрүн аймагында мыйзамсыз салынган мавзолей жана күмбөздөрдү бузууга буйрук берди.

Тажик өкмөтү 2017-жылы кабыл алган токтомго ылайык, көрдүн узундугу 2 метр, туурасы менен белгинин бийиктиги 1,5 метрден ашпоосу керек.

Учурда Жер комитети жана Башкы прокуратура өкүлдөрү текшерүү жүргүзүүдө. Дин кызматкерлеринин айтымында, чоң белги-плиталар ошол бойдон калат, болгону мындан ары жаңыларын салууга уруксат берилбейт. Ал эми ири күмбөздөр тизмеге киргизилди. Экспертиза курулуштун мыйзамдуулугун текшерип, андан соң чечим кабыл алынат.

Тажикстан Ислам борборунун адиси Абдулвохид Хомидов исламда мүрзөнүн үстүнө чоң белгилерди, таштарды коюу туура эмес экенин билдирди.

Текшерүүнүн өкмөттүн чечими менен курулган мавзолейлерге, эстеликтерге, тарыхый баалуулугу бар белгилерге тиешеси жок.

Бейитке чоң белги койгондорго айыппул салынбайт, аларды түрттүрүү менен чектелишет.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 50 − 44 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: