Menu

Муфтий Максатбек ажы Токтомушев: “Бирөөнүн үй-бүлөсүнө бүлүк салгандан этият бололу!”

Бөлүшүү:

Кыргызстан Мусулмандарынын Азирети Муфтийи Максатбек ажы Токтомушев Аалымдар Кеңешинин мүчөсү Чубак ажы Жалиловго карата айтылган коомдогу пикирлер боюнча кайрылуу жасады. Бул туурасында КМДБнын басма сөз кызматы жарыялады.

Урматтуу мусулман бир туугандар, кадырлуу кыргыз эли!

Эзелтен элибиз даанышмандарын сыйлап, кыйын учурларда бири-бирине жөлөк болуп, бир жакадан баш, бир жеӊден кол чыгарып келишкен. Пайгамбар (с.а.в) өз хадисинде:

عن عبد اللَّه بن عمرو قال: قال رسول الله صلي الله عليه و سلم: “لَيْسَ مِنَّا مَنْ لَمْ يُوَقِّرْ كَبِيرَنَا ، وَيَرْحَمْ صَغِيرَنَا ، وَمَنْ لَمْ يَعْرِفْ لِعَالِمِنَا حَقَّهُ ” ،رواه الترمذي

“Ким улууларыбызды урматтабаса, кичүүлөрүбүздү сыйлабаса, аалымдарыбыздын акысын билбесе бизден эмес”. (Абдулла ибн Амрдан (р.а.) Имам Термизий риваяты). -деп айткан.

Андыктан урматтуу агайын-туугандар, Пайгамбарыбыздын осуятына ылайык улууларыбызды урматтап, кичүүлөрүбүздү сыйлап, аалымдарыбызды кадырлап, барктай жүрөлү.

Ал эми Ислам дининде маалыматтын чын-төгүнүн билбей туруп сүйлөө, жалган айтуу жана кимдир бирөөнүн беделине шек келтирүү, аны акарат кылуу күнөө болуп саналат. Албетте, ар бир инсан өзүнүн кылган иши үчүн Алла Тааланын алдында суралып, эсебин берет. Ыйык Курани Каримде белгилүү шарттар менен муктаждык болгон учурда көп үй-бүлө күтүүгө уруксаат берилген. Ошондуктан биздин кадырлуу, бүгүнкү күндө кыргыз журтчулугу үчүн диний жаатта кызмат кылып келе жаткан аалымыбыз, Аалымдар Кеңешинин мүчөсү Чубак ажы Жалилов Жараткандын алдында эч кандай күнөөкөр болгон жок. Ал эми ал кишинин үй-бүлөлүк маселесин тиешелүү органдар териштирип жатат. Андыктан бирөөнүн үй-бүлөсүнө бүлүк салып, социалдык барактарга туура эмес, такталбаган маалыматтарды жазуудан этият бололу. Ар бир нерсе өз ордунда такталат, ага убакыт керек. Туура эмес пикир же көз-караш айтып коюп, кийин өкүнүп калбайлы. Бул үчүн кыямат күнү чоң жоопкерчилик болоорун эсибизден чыгарбайлы. Мусулман-мусулмандын жардамында болушу керек. Мусулман адам башка мусулмандарга карата дайыма жакшы күмөндө болуусу шарт. Андыктан, келиӊиздер жалпыбыз мамлекетибиздин бейпилдиги, элибиздин тынчтыгы, ынтымагы үчүн дуба кылып, өлкөбүздүн өнүгүшүнө салымыбызды кошолу.

Бирөөнүн үй-бүлөлүк маселесин талкуулабай мамлекетибизди гүлдөтүп, экономикабызды көтөрүүгө жардамыбызды берип, балдарыбызды билимдүү кылып тарбиялоого аракет кылалы. Ушактоо, бирөөнүн айыбын ачуу жана каралоо менен биз эч качан өнүп-өспөйбүз. Ар бирибиз «Мамлекет үчүн эмне кылдым?»,-деп өзүбүзгө суроо берелик.

Урматтуу мусулман бир туугандар!

Келиӊиздер, өзгөрүүнү өзүбүздөн баштап, келечегибиз үчүн сооптуу иштерди жасап, муктаж инсандарга жардам берели. Алла Таала ар бирибиздин жүрөгүбүзгө ыйман, түшүнүк жана адилеттүүлүктү берип, адашкан бир туугандарыбызга ыйман берсин, туура жолдон адаштырбасын.

Кыргызстан Мусулмандарынын Азирети Муфтийи Максатбек ажы Токтомушев

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 87 − 81 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: