Menu

Фото – Биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов мамлекеттик ветеринардык көзөмөл тармагындагы тутумдун иши менен таанышты

Бөлүшүү:

Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министри Кубатбек Боронов бүгүн, 11-июлда, мамлекеттик ветеринардык көзөмөл тармагындагы бир катар автоматташтырылган маалыматтык тутумдардын иши менен таанышты.

Анын ичинде  «ЭЛЕК» ветеринардык сертификаттарын электрондук көзөмөлдөө тутумун камсыздоо боюнча маалыматтык автоматташтырылган программанын ишинин, малды идентификациялоо жана көзөмөлдөө тутумунун, малдын илдеттери боюнча райондук маалыматтык тутумунун жана DOGS  иттерди каттоо жана идентификациялоо тутумунун бет ачары болду.

Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук инспекциясынын директору Калысбек Жумаканова билдиргендей, көрсөтүлгөн тутумдар Евразия экономикалык биримдигинин талаптарына ылайык иштелип чыккан жана киргизилген.

«Үзгүлтүксүз ишти камсыздоо үчүн 90 бирдик компьютердик жабдуу сатып алынып, орнотулуп, адистер тиешелүү окутуудан өтүштү. Бүгүнкү күнү автоматташтырылган маалыматтык тутум аркылуу ЕАЭБ өлкөлөрүнө экспорттолуучу ветеринардык көзөмөлгө тийиштүү товарлар үчүн 600 ашуун ветеринардык сертификаттар берилген. Жаныбарларды идентификациялоо жана көзөмөлдөө тутумунун арты менен объекттерди, субъекттерди каттоо аяктады. Республика боюнча идентификациялоодон 1676,1 миң баш ири мүйүздүү мал өткөрүлүп, маалыматтык тутумга 1598,0 миң ири мүйзүдүү мал киргизилген», – деп белгиледи ал.

Биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов белгилегендей, көрсөтүлгөн платформаларды бузуулардан таасирдүү коргоо тутумун түзүү зарыл.

«Белгиленген программаларды ишке киргизүү жана ийгиликтүү иштетүү ЕАЭБ өлкөлөрүнө экспорттук потенциалга оң таасирин берет. Продукцияларды экспортко ашууда  документтердин тизмеси талап кылынат, анын ичинде ири мүйүздүү мал кандай шарттарда өскөн, кандай ылаңдар менен ооруган, кандай дарылоо жүргүзүлгөн. Автоматташтырылган тутум малдын башынын тутумун таанууга шарт түзөт. Маселенин маанилүүлүгүн эске алуу менен лабораториялар ЕАЭБ талаптарына жооп берүүсү үчүн аларды модернизациялоо иштерин улантуу керек», – биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов.

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 78 = 83

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: