Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун Жон-Булак айылында киши колдуу болуп өлтүрүлгөн адамдын жансыз денеси табылды. Бул тууралуу Ысык-Көл ОИИБинин маалымат кызматынан билдирди.
Маалыматка караганда, жансыз денени жергиликтүү тургундар 27-октябрь күнү саат 8.00дөр чамасында көрүп калышкан. Денеге кароо жүргүзүлгөн учурда анын таяк менен катуу сабалгандыгы, маркум Каракол шаарынын тургуну 32 жаштагы А.Б экендиги аныкталган.
Аталган Факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 97-беренеси (адам өлтүрүү) менен кылмыш иши козголуп, издөө иштери жүрүп жатат.
Булак:Кyrgyztoday
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ