Латвиянын Вильнус шаарында 26-28-октябрь күндөрү өткөрүлгөн грэпплинг боюнча Дүйнө чемпионатында кыргыз спортчусу Мирлан Асеков жеңүүчү аталды.
Мелдештин жүрүшүндө 76 килограмм салмактык бөлүктө күрөшкөн кыргыз спортчусу Түштүк Корея, Орусия жана Латвиялык спортчулардын үстүнөн жеңишке жетишип, дүйнө чемпиондугунун курун тагынды.
Мирлан Асеков 2014-жылы да АКШда өткөн дүйнө чемпионатынын жеңүүчүсү болгон.
Булак: Кyrgyztoday
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ