Бийликтеги кадр саясатын өкчөгөн «политтехнологдор» жаштар келсин деген ураанга жамынып Маданият, маалымат жана туризм министрлигине Азамат Жаманкулов деген 32 жаштагы жигитти кондурушту. Капаровичтин бул тармакты жылдырып кетиши күмөн. Себеби, далай жерде журүп дасыккан Түгөлбай Казаков өңдүүлөр калдайган кадыры менен «гүлдөтө» албаган министрликти эне сүтү оозунан кете элек Азаматтын «гүл-бакча» кылып жиберээринен күмөнүбүз бар. «Жаш келди дебей, иш билеби?» дегенди кошо үйрөнсөк жакшы болот эле…
Булак: «Мантыш»
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ