Аталган тасманы YouTube социалдык тармагына Шухрат Адинаев аттуу колдонуучу жүктөгөн. Кыска убакыттын ичинде тасма 750миң көрүү алып, 12 миң пикир чогулта алган.
Тасмада 2002-жылы туулган эки кыз түшүрүлгөн. Тасманын автору аларды спирт ичимдиктерин ичкендиги үчүн айыптоодо. Кыздар спирт ичимдиктерин ичип жаткан жер тасмада жок, бирок алар тасманы өчүрүүнү суранып, бөтөлкөлөрдү баштыкка салып жаткан учур тартылган. Ошондой эле автор өзү жакында эле Грециядан келгенин айткан. Ал кыздарды бузулгандыгын айтып, жектеген.
Аталган тасма каналдагы жалгыз тасма болгонуктан ал 742 431 көрүү чогулткан. Пикир калтыргандар бир тарап болуп кыздардын коргоого алышкан жана тасма өчүрүлүүсүн талап кылышкан. Белгилей кетсек, тасманын аталышында анын мазмунуна туура келбеген сөздөр жазылган, балким ошондон улам ал көп көрүү чогулткан.
https://www.youtube.com/watch?v=4EPEMeBiSHo
Булак:KyrgyzToday
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ