Кыргыз Республикасынын премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев кечээ 1-ноябрда Көз карандысыз мамлекеттердин шериктештиги өлкөлөрүнүн Өкмөт башчыларынын кеңешинин кезектеги жыйынына катышуу үчүн Астана шаарына барды. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын басма сөз кызматынан билдирди.
КМШ өлкөлөрүнүн өкмөт башчыларынын кеңешинин кезектеги жыйыны тар жана кеңейтилген чөйрөдө өткөрүлүп, жыйынтыгы боюнча бир катар документтерге кол коюлат.
Мындан тышкары Казакстан Республикасынын Президенти Нурсултан Назарбаевдин КМШ өлкөлөрүнүн өкмөт башчылары менен жолугушуусу күтүлүүдө.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ