Мындай билдирүүнү Жогорку Кеңештин депутаты Тынчтыкбек Шайназаров комитеттин отурумунда айтып чыкты. Ал: “Бишкек шаардык жылуулук түйүнүнүн биринчи орун басары, техникалык багыт боюнча башкы инженери Курганов Михаил Владимировичтин 50 батири бар экен.
Бул маалымат мага эле эмес, бир нече депутатка да белгилүү” – деп баса белгиледи. Ошону менен бирге Кургановдун баласы көп кабаттуу үйлөргө жылуулук таратуу боюнча атайын компания түзүп өзүнө каттатып алгандыгын да айтты. Депутат мындан тышкары: “Башкы инженериңердин 50 батири болсо албетте, кирешесиз, чыгашалуу мекеме болосуңар да деп кошумчалады. Аталган мекеменин жетекчиси Эркин Абдыкалыков депутатка Кургановдун баласы иштетет деген компания тууралуу Мамэкотехинспекция текшерип чыгып, андай фактылар жок экенин билдиргенин айтты. Абдыкалыковдон тыңгылыктуу жооп ала албаган депутат: “Андай болсо дагы да уурдап, ушундай схема менен иштей бергиле”- деп жооп кайтарды. Эске сала кетсек, Курганов бул кызматка өткөн жылдын 19-апрелинде келген.
Булак: Багыт
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ