Түркмөнстандын Түркмөнабад шаарында кеминде төрт мектептин окуучулары жапырт түрдө мушташты. Калайман 8-ноябрда болгон.
“Азаттыктын” түркмөн кызматы кабарлагандай, урушка жогорку класстардын 30дай окуучусу катышкан. Окуяга күбө болгон кишилер полицияга кабар берип, жаңжалды тез арада басууга мүмкүн болгон. Окуучулар оор жаракат алган эмес. Полиция 4-5 окуучуну кармап кеткени кабарланууда.
Түркмөнабаддык мугалимдердин бири мектеп окуучуларынын арасында жапырт мушташтар көп катталып жатканын билдирди. Өспүрүмдөр бири-бирине оор жаракат келтирген учурлар да жок эмес.
Булак: “Борбор Азия жанылыктар кызматы”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ