Menu

Назарбаевдин резиденциясынын дарбазасын сүзгөн полициячы жумуштан алынды

Бөлүшүү:

Астанада жеке унаасы менен президенттик резиденциянын дарбазасын сүзгөн полиция кызматкери жана анын жетекчиси жумуштан алынды. Бул тууралуу шаардык ички иштер департаментинен билдиришти.

Мекеменин шаршембидеги билдирүүсүнө ылайык, полициянын ага лейтенанты Е. Иманбеков 17-январга оогон түнү жолтандабас менен келатып, тайгалактан рулду башкара албай резиденциянын дарбазасын сүзгөн.

Буга чейин Интернетте президенттик резиденциянын зыянга учураган дарбазасынын жана жолтандабастын сүрөттөрү пайда болгон.

Полициядан Ички иштер департаментинин административдик полиция башкармалыгынын жол кайгуул кызматкери Иманбеков менен кошо анын жетекчиси, полициянын капитаны Жумахметов дагы жумуштан алынганын билдиришти.

Андан тышкары «кызматкерлер арасында жеке тарбиялык иштерди начар уюштургандыгы үчүн» аталган бөлүмдүн бир нече жетекчиси дициплинардык жоопкерчиликке тартылды.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 32 − 25 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: