Menu

25 жаштагы келинди зордуктаган “аңги” Канжар Кадыралиевдин тууганы

Бөлүшүү:

Каар заман келатабы же келип калдыбы, билип болбой турган мезгил келди. Мыйзамдарыбыз деле бар, бийлигибиз деле бар, а бирок, тартип деген таптакыр жок болуп барат. Аз күн мурун эле Оштогу эс алуучу жайда эки жигит топ жигиттин улам бирин жаакка чаап, бетке койгулап жатканы чыккан. Көрсө, согуп жаткан эки жигит кылмыштуу топтун мүчөлөрү экен. Ал жигиттер камалып, анан үй камагына чыгарылган. Андан соң тигил эки эргул 25 жаштагы келинди зордукташкан экен. Ошондон кийин гана тиги экөөнүн бири бир айга, экинчиси эки айга камалды. Булар биринчи кылмышты кылганда эле эмнеге камалган жок?! Соттор акчанын жетегинде кал­дыбы? Муну текшериш керек. Көрдүңөрбү, кутурган немелер кааласа бирөөлөрдү сабайт, кааласа кыз зордуктайт. Камала турган болгондо сатылма соттор бошотуп коёт. Эки зордукчулдун бир топ узун тарыхы бар экен. Кээ бир маалыматтарга караганда кылмышкерлердин бири Канжар Кадыралиевдин жакын адамы экен. Эми бул ишти тыкыр иликтеп-изилдеп чыкса, далай былык иштердин бети ачылышы мүмкүн.

 Булак: “Багыт” 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 28 − = 24

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: