Menu

Курсан Асановдун баш коргоо чарасы өзгөртүлдү, эми ал өлкөнүн аймактарын кыдырып үгүт иштерин жүргүзө алат

Бөлүшүү:

Ички иштер министринин мурунку орун басары Курсан Асановдун баш коргоо чарасы өзгөртүлдү. Бул тууралуу бүгүн, 16-декабрда анын адвокаты Чынар Жакупбекова журналисттерге билдирди.

Анын айтымында, мындай чечимди бүгүн Бишкек шаардык соту чыгарды. Андан эч жакка кетпөө тууралуу тил каты алынды. Эми Курсан Асанов президенттикке талапкер катары өлкөнүн аймактарын кыдырып, үгүт иштерин жүргүзө алат.

Белгилей кетсек, буга чейин үй камагында отурган Курсан Асанов өлкөнүн аймактарына чыга албасы айтылган.

Курсан Асанов Кой-Таш айылындагы окуялардан кийин кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу фактысы боюнча жана 2020-жылдын октябрь айындагы парламенттик шайлоодон кийинки башаламандыктар боюнча айыпталууда.

Кечээ, 15-декабрда үгүт өнөктүгү башталды. Ал 2021-жылдын 9-январында саат 08:00дө аяктайт.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 6 + 2 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: