Башкы прокуратура “Инфоком” мамлекеттик ишканасы менен Монополияны жөнгө салуу агенттигинин кызмат адамдарына карата Кылмыш-жаза кодексинин 304 (“Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу”), 221 (“Коммерциялык жана башка уюмдардын кызматкерлеринин кызмат абалынан аша чабуусу”) статьялары менен кылмыш ишин козгоду. Башкы прокуратура билдиргендей, 2016-жылдын 31-майында “Инфоком” ишканасы аталган агенттик менен макулдашып, бир транспорттун номурун даярдоо акысын 32,06 сомго мыйзамсыз көтөргөн. Жогорулатылган тарифтин жыйынтыгында машиналардын номурун даярдоо борборунун жетекчисине бир айда 240 608 сом жана техникалык кызматкерлерге 163 712 сом төлөнгөн. Натыйжада, мыйзамды бузуу менен 2016-жылдын майынан 2017-жылдын 31-декабрына чейин машина ээлеринен 6 миллион сомдон ашык акча алынган.
Булак: “Фабула”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ