Казакстан «Союз-ФГ» ракета ташуучусунун кырсыкка учурашынан улам келтирилген чыгымды баалаган актыларды Орусия тарапка жөнөттү. Бул тууралуу 15-ноябрда кырсыктын кесепеттерин иликтөө боюнча комиссиянын төрагасы Юрий Ильин маалымат жыйынында билдирди.
«Кесиптештер берген маалыматтарга ылайык, уулуу заттар боюнча эч кандай зыян аныкталган эмес. Ал эми күйүүчү майдын төгүлүшү азыркы учурда эч кандай коркунуч жаратпайт», — деди Юрий Ильин.
Анын айтымында, орус тарап аларга авариялык абалдын келип чыгуу себептери тууралуу маалыматтарды берген. Өз кезегинде казак тарап Орусияга лабораториянын чыгымдары боюнча эсептерди жөнөттү.
11-октябрда «Союз-ФГ» ракета ташуучусу “Байкоңур” космодромунан көтөрүлгөндөн саналуу мүнөттөрдөн кийин аварияга кабылган. Эл аралык космос агенттигине космонавттар отурган ракетаны жеткириши керек болгон кеменин кырсыкка кабылышына ракетанын биринчи жана экинчи баскычтарын бөлүштүрүү сенсорунун туура эмес иштеши себеп болгон. Анда ракетанын бортундагы орусиялык космонавт Алексей Овчинин менен америкалык астронавт Ника Хейги аман калышкан. Алар түшкөн капсула космодромдон 500 чакырым алыстыкта конгон.
Булак: “Борбор Азия жанылыктар кызматы”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ