Эртең, 20-ноябрда өтө турган футбол боюнча Кыргызстан курама командасы менен Япония курама командасынын жолдоштук беттеши КТРК Спорт телеканалынан түз көрсөтүлө турган болду. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын футбол федерациясы билдирди.
КРФФ Япония футбол ассоциациясы менен сүйлөшүп, жолдоштук беттешти кыргызстандыктар үчүн түз алып көрсөтүү боюнча макулдашууга жетишкен. Эскерте кетсек, 2019-жылдын январь айында БАЭде өтө турган футбол боюнча Азия кубогуна даярдыктын алкагында өтүп жаткан эки мамлекеттин улуттук курамаларынын жолдоштук беттеши 20-ноябрда Бишкек убактысы боюнча саат 16:20 да башталат.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ