Кыргызстанда ыйык Рамазан айы 24-апрелде башталат. Бул тууралуу бүгүн, 17-апрелде Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.
Алардын айтымы боюнча, шарияттын көрсөтмөлөрүнө жана изилдөөлөрдүн жыйынтыгына ылайык орозо айы 24-апрелде башталат деген чечим кабыл алынган.
“Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы жаңы айдын башталуусу тууралуу Орто-Азия мусулмандары үчүн эл аралык астрономиялык обсерваториялардын тажрыйбаларын пайдалануу менен жана ошондой эле коңшу Өзбекстан жана Казакстан өлкөлөрүнүн дин башкармалыктары менен кеңешип, орозонун биринчи күнү аныкталды” – деп айтылат маалыматта.
Көрсөтүлгөн күн айдын чыгышына карап бир күнгө айырмаланышы мүмкүн.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ