Menu

Карабакта кайрадан согуш. Түрк кеңеши унчукпайт

Бөлүшүү:

Армения менен Азербайжандын Карабак аймагындагы согушу бүгүн 5-күнүнө кирди. Өткөн жуманын аягында армениянын куралдуу күчтөрү көп жылдан бери курчоодо жаткан Фузули жана Жабрайил аймактарын ашып өтүп, Азербайжандын Тертер аймагына кол салган. Натыйжада, 2 өспүрүм менен 9 киши окко учкан. Азербайжан парламенти өлкөгө аскердик абал киргизип, 24 саат үчүн согуштук сапар жарыялаган эле. Ошол эле күнү кечинде Азербайжан куралдуу күчтөрү чабуулга өттү. Кыл чайнашкан кармашуу учурунда Фузули, Жабрайил аймактары менен 6 кыштак курчоодон бошотулду. Азербайжан коргоо министрлигинин маалыматы боюнча, армениянын 950 аскери набыт болду. 22 Танка, 15 OSA HSS (Катюша), 18 Дрон, 8 Калибр, 3 аскердик курал жарак сакталган склад жана жүздөгөн аскердик техникалар талкаланган. Армения куралдуу күчтөрү курчап алган аймактарды таштап, чегинүүгө мажбур болгон. Ереван шаарына жакын айылда жашагандар “көптөгөн жаралуулар бар. Аларды Ереванга ташып баратышат” – дешүүдө. Дүйнөнү ансыз деле пандемия тамактап турганда Кавказдагы согуштук операциялар державалардын көз карашын экиге бөлдү. Иран менен Орусия тез арада согушту токтотуу боюнча расмий Бакуга чакыруу жолдошту. Расмий Анкара болсо, “Карабак Азербайжан аймагы, мамлекетинин бүтүндүгүн сактоо алардын табигый акысы, биз тууган азери калкынын жанындабыз” – деди. БУУнун генералдык секретары Антониу Гуттериш “аскердик аракеттер Кавказ аймагындагы тынчтыкты бузат” деп билдирди.
1993-жылы Армения Тоолу Карабак аймагына кол салып, Хожалы айылында 650 дөн ашык азери жарандарын өлтүргөн болчу.

ТҮРК КЕҢЕШИ КАЙДА?

Түрк тилдүү өлкөлөрдүн достугу жана ынтымагы үчүн түзүлгөн Түрк Кеңеши чоң державалардын кабак кашына карабай бир бирине жардамдашуу, колдоо, семизи арыгын, байы кедейин сүдүрөө максатын да көздөйт. Айрыкча, Орто Азия түрки мамлекеттери Орус кожоюну муштумун кезесе да, Азербайжанга тилектештигин билдириши керек эле. Бирок, алар Карабактагы согуштук операцияны көрмөксөн болуп отуруп беришти. Түрк Кеңеши 2009 – жылы Нахчеванда түзүлүп атканда түрк тилдүү өлкөлөрдүн ар тараптан өнүгүүсү каралган. Албетте, ар тараптан өнүгүү маселесине согуштук абалдарды биргеликте жайгаруу да кирет. Мисалы, НАТО сыяктуу. Ал эми Түрк Кеңеши маданий иш чаралар менен чектелип калгансыйт. Шашылыш жыйынга чакырып, Карабак маселесин талкуулай алган жок. Армениянын баскынчылыгын айыптаган билдирүүсүн деле укпадык! Бириккен улуттар уюму жакынкы Чыгыштагы күйгөн оттон куйкаланып келаткан Палестинага кош стандарттуулук менен мамиле кылганына 80 жылдан ашты. Дүнүйө кандай болсо да, Орусия, Кытай, Германия, Америка жана Франциядан чоң! 21-кылым түрк тилдүү өлкөлөрдүн кылымы болот деп атканда Түрк Кеңеши БУУнун жолуна түшпөй, “дүнүйө беш өлкөдөн чоң” экендигин эсинен чыгарбашы керек.

Манас ОСМОН, журналист

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 3 = 7

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: